Баткенде жетим балдарга 120 миң сомдук жардам көрсөтүлдү

Баткен район жана шаар аймагында жашаган 6 жаштан 15 жашка чейинки 23 жетим балага жаңы окуу жылына карата ар бирине баасы 5 миң сомду түзгөн кийимдер жана окуу куралдары таратылды.

Кайрымдуулук иш-чарасы Баткен облусунун мусулмандарынын казыяты, “Берешен кол” кайрымдуулук фонду менен биргеликте ишке ашырылып, кайрымдуулуктун жалпы суммасы 120 миң сомду түздү.

Муну менен катар казыят өкүлдөрү жана уюштуруучулар иш-чара катышуучуларына хадистердин негизинде баяндама айтып, балдарды  терең билим алууга чакырды.