Токмок: Жаш өспүрүмдөр Куран жарышка катышып, кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту

Чүй облусунун Токмок шаарынын «Шахрухан-Торо» мечитинин имамы Муржан Касымовдун демилгеси менен жаш өспүрүмдөргө багытталган бир айлык «Куран окутуп-үйрөтүү» курсу жыйынтыкталды. Ата-энелеринин макулдугу менен бир айлык окуу курсуна катышкан 25 бала Куран ариптерин үйрөнүп, намаз сүрөлөрүн жаттап чыгышты.

Ошондой эле Курандын 30-парасын жатка окуу конкурсу уюштурулуп, жарышка курстагы 25 бала толук катышты. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылса, бардык катышуучуларга балмуздак жана таттуу суусундуктар берилди.

Балдардын ата-энелери демилгечи имамага, окуткан устаздарга өз ыраазычылыктарын билдиришип, ыракматтарын айтышты.