Сузакта курулуп жаткан “Абу Бакыр Сыддык” атындагы мечиттин курулушу толугу менен аяктап, пайдаланууга берилди

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сузак айылында  курулуп жаткан “Абу Бакыр Сыддык” атындагы мечиттин курулушу толугу менен аяктап, пайдаланууга берилди. Иш-чарага Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков, Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров жана жергиликтүү тургундар катышты.

Облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков аталган мечиттин ДИМКнын эсепттик каттоосунан өткөндүгү туурасындагы күбөлүктү тапшырып жатып, “Урматтуу жамаат! Кудайга миң ирет шүгүр дейли. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында мечит, медреселердин курулушу аябай жакшы жолго коюлду. Эми ошол жайлар толук кандуу, элдин диний сабаттуулугун, адеп-ахлагын, жүрүм-турумун, улуттук баалулуктарын сактоого жетиштүү салым кошуп жатабы? Маселе мына ушунда! Ошондуктан урматтуу имам-хатибдер, келгиле мечитте эле беш маал намаз менен чектелбестен, эшикке чыгып, мечиттердин тазалыгына, жамаатыбыздагы жардамга муктаж үй-бүлөөлөргө, жергиликтүү бийлик менен ар тараптуу кызматташууга, элдин социалдык, моралдык муктаждыктарын жоюуга жакындан жардам берүүгө, эң башкысы жамаатыбыздын ынтымагына көңүл буралы. Салтуу ислам болгон ханафий мазхабы, матуридий акыйдасы боюнча иш алып баралы”, – деди.

Эске салсак, “Абу Бакыр Сыддык” атындагы мечиттин курулушу жергиликтүү ишкерлер жана жамааттын салымы менен 1200-1500 орунга ылайыкташып курулган. Эми бул мечит жергиликтүү тургундар үчүн жума мечит катары кызмат кылат. Аталган мечиттин имамы болуп райондун баш имам-хатиби Жүнүс ажы Исмаилов убактылуу дайындалды.