Ош шаарынын карамагына өткөрүлгөн мечиттердин имамдарына жыйын уюштурулду

Кечээ, 12-август күнү АТРдин алкагында Ош облусунун Кара-суу районунан Ош шаарынын курамына өткөн мечит имамдарына жыйын болуп өттү. Жыйынга КР ДИМК ТАБдын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов жана укук коргоо органдары катышты.

Жыйында жамаатка фарз, важиб, мустахаб болгон амалдарды туура жеткирүү, жүрүм-турум, кийим-кече маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Аны менен катар дин кызматкерлеринин бирдиктүү формасы тууралуу да сөз болуп, имамдар эл алдында жүргөндүгү үчүн алардын өрнөк болуу керектиги айтылды.

Белгилей кетсек, Кара-Суу районунан Ош шаардык казыятынын курамына 44 мечит, 2 медресе жана 3 окуу борбору өткөн.