Нематулла ажы Жээнбеков Сузактагы “Кубат ажы” мечитинде жүрүп жаткан курулуш иштери менен таанышты

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Сузак районунун Атабеков айыл аймагындагы борбордук “Кубат ажы” атындагы жума мечитинде жүргүзүлүп жаткан эки кабаттуу кошумча намазкананын курулушунан кабар алды.

Анда райондун баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов жергиликтүү тургундар мезгилдин өтүшү менен жамааттын саны көбөйүп, кошумча намазкана куруу зарылчылыгы бар экендигин айтып кайрылышканын, курулуш чыгымдары жергиликтүү жамаат менен айылдын активдүү жаштары тарабынан каржыланарын билдирди.

Облус казысы документ иштери менен тазалыкка тыкыр көңүл буруу тапшырмасын берди.

Эске салсак, аталган мечит 1994-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Мечит 2500 орунга ылайыкташкан. Кошумча курулуш аяктаса дагы 2000 кошумча орун пайда болот. Курулуштун аякташы ушул жылдын соңуна пландалууда.