Дастан ажы Мамаев: «Динибиз бирөөнүн акысына кирип калуудан сактанууга чакырат»

Бүгүн, 13-август күнү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында «Укук бузуулардын алдын алуу» аттуу иш-чара өткөрүлүп, анда райондук баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев исламдагы таалим-тарбия укук бузуулардын алдын алары боюнча өз баяндамасын жасады.

«Динибиз бирөөнүн акысына кирип калуудан сактанууга чакырат. Бул башкалардын укугун коргойт дегени. Динибизде берилген таалим-тарбия адамдар арасында жакшы мамиле түзүү, урушкандарды жараштыруу, бирөөнү кемсинтпөө же бирөөнүн мүлкүн алып койбоо керектигин айтуу менен укук бузуулардын алдын алат» – деди баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев.

Айта кетсек, аталган иш-чарага акимдин орун басары Талант Тойчиев, райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Чыңгыз Раимбердиев, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана мекеме-ишкана жетекчилери катышты.