Ош шаарында курулуп жаткан мечиттер зыярат кылынып, документтери текшерилүүдө

Ош шаарынын аймагындагы курулуш иштери жүрүп жаткан мечиттер зыярат кылынып, алардын документтери көздөн өткөрүлүүдө. Ага ылайык бүгүн, 14-август күнү Ош шаарынын казысынын орун басары Муратали кары Мамадияр уулу Он-Адыр аймагындагы курулуш иштери жүрүп жаткан мечит менен жеринен таанышты.

Муратали кары мечиттердин салынышы, намаз окуган жамааттардын көбөйүшү эң жакшы көрүнүш экенин, бирок ошол эле убакта кээ бир мечиттер кызыл чийинге салынып же болбосо архитектура талаптарына жооп бербей, ошол себептүү эсептик каттоодон өтпөй, документтери толук эмес болгон диний объектилер дале бар экенин билдирди.

«Мечиттин курулушу аякташы менен тиешелүү иш кагаздары да толук бүткөрүлүп, тиешелүү мекемелерден уруксат алынып, андан соң гана ишке берилиши кажет», – деди шаар казысынын орун басары.

Казыяттан билдиришинче, сөз болуп жаткан мечит үчүн Умурхан Усманова аттуу жергиликтүү тургун өзүнүн жерин берген. Курулуш иштери жергиликтүү жамааттын колдоосу менен ишке ашып, мечиттин дээрлик 80% бүткөн.