Баткен шаарында жаш балдар арасында Куран жарышы өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө белектер берилди

Келечек муунду адептүүлүккө тарбиялоо жана Курани Каримди жаттоого кызыктыруу максатында Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы «Али аль-Ганим» мечитинде имамдын демилгеси менен Куран жаттаган жаш балдар арасында конкурс болуп өттү. Бул тууралуу имамдын жардамчысы Айбек Сайдахмадов билдирди.

Куран жарыштын соңунда жеңүүчүлөргө велосипед, спорттук кийимдер жана башка кызыктыруучу белектер тапшырылды.

“Мечит имамынын демилгеси менен жаш балдардын жайкы каникулун туура пайдаланып, адептүүлүккө тарбиялоо максатында уюштурулган бул иш-чара жакшы өттү. Колдоо көрсөткөндөргө мечиттин жамаатынын атынан ыраазычылык билдиребиз”, – деди Айбек Сайдахмадов.