Ош шаарында азанчылардын алгачкы сабагы башталды

Бүгүн, 15-август күнү Ош шаарынын борбордук «Имам аль-Бухари Алай» мечитинде калаадагы азанчыларды окутуу башталды. Анын алкагында Ош шаарындагы жалпы азанчыларга арабча тамгаларды жана махраждарды туура айтышы үчүн атайын казыят тарабынан устаздар тандалып алынып, жумасына эки жолудан сабак өтүлөрү белгиленди.

Ош шаардык казыятынын мечиттер боюнча куратору Мустафа ажы Абдиев саамалыкты колдоп келгендер үчүн ырахмат айтып, азан кооз жана туура айтылса, жамааттарга уккулуктуу болсо мечитке шашылгандар көбөйөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, шаардагы 2-3 мечитте азанчылар тайпаларга бөлүнүп, сабактар кызуу башталды. Аларга казыят кызматкерлери жана устаздар сабак беришет. Сабакка толук катышкан азанчыларга окуу бүткөн соң сертификаттар ыйгарылат.