Нематулла ажы Жээнбеков УТРКнын Жалал-Абад телерадиокомпаниясын зыярат кылып, жаңы дайындалган директору менен жолугушту

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков УТРКнын Жалал-Абад облустук бөлүмүн зыярат кылып, жаңы дайындалган директору Илияз Турдубай уулу менен жолугушуп, ишине ийгиликтерди каалады.

“Элди так маалымат менен камсыз кылууда ЖМКнын ролу чоң. Анын ичинде албетте, Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясынын дагы. Ошондуктан Илияз мырза, сизди жаңы кызмат ордуңуз менен облус мусулмандарынын казыятынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм. Аллах Таалам ишиңизге ийгилик, ден соолугуңузга, өмүрүңүзгө береке, үй-бүлөңүзгө бактылуулукту, жамаатыңызга ынтымакты насип кылган болсун”, – деген облус казысы ак батасын берди.

Жаңы дайындалган жетекчи Илияз Турдубай уулу облус казысына ыраазычылыгын айтып,

“Казы дамла, атайын бизге көңүл буруп убактыңызды бөлүп келгениңизге кубанычтамын. Сиздин ак батаңызды алуу биз үчүн сыймык. УТРК Жалал-Абад бөлүмү сиздер менен ар тараптуу кызматташууга дайыма даяр. Алдыда сиз айткандай, сиздер менен чогуу ислам дининин баалуулуктарын, Президентибиз башында турган мамлекеттик жетекчилик талап кылып жаткан ыксыз чыгымдарды азайтуу, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, балдар, өспүрүмдөр арасындагы наркомания, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук ж,б.у.с. көйгөйлөрдү элге жеткирүү багытында теле долбоор даярдасак да болот”, – деди.