Нуридин ажы Мамасабиров: “Мечиттердин жана имамдардын бирдиктүү базасын түзүп алсак, биздин ишибиз жеңилдейт”

Бүгүн, 16-августта Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров Баткен облусундагы район-шаардын баш имам-хатибдерине жана диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө кезектеги онлайн жыйынын өткөрдү.

Жыйында облус казысы  Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин тийиштүү токтомдорун жана Азирети Муфтийдин буйруктарынын аткарылышы боюнча маалымат алды.

Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан мечиттердин жана имамдардын бирдиктүү базасын түзүү боюнча активдүү иш алып баруу керектигин айтты. Анткени бул казыяттардын ишин жеңилдетип, маалымат алмашууга ыңгайлуу шарт түзөрүн белгиледи. Ошондой эле облус казысы жаңы окуу жылында медреселердин даярдыгы тууралуу маалымат алып, жаңы окуу программасын бекитүүдө Кыргыз эл маданияты, Мекенди сүйүүгө багытталган сабактарды кошуу талабын койду.

Муну менен катар облус казысы буйруктарды так аткарууга чакырды.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда жалпы 561 мечит бар, учурда алардын 50% көбү бирдиктүү электрондук базага киргизилди. Учурда казыяттын мечиттер жана үгүт-насаат адиси бардык мечиттерди бирдиктүү базага киргизүү жаатында активдүү иш алып барууда.