Ош шаарында айымдар үчүн жыйын өтүп, анда Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы жана улуттук нарк, салт боюнча баяндамалар жасалды

Ош шаардык мусулмандарынын казыятына караштуу “Имам-Хасан” мечитинде айымдар үчүн Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча сабак өткөрүлүп, исламда көрсөтүлгөн парз, важип, мустахаб амалдарынын аткарылышы боюнча баяндамалар жасалды.

Ош шарынын казысынын орун басары Муратали кары Мамадияр уулу бүгүнкү күндөгү көйгөйлөр, балдарды тарбиялоодогу эненин орду боюнча бир канча маселелерге токтолду.

«Динибиз аялзатын барктоого өзгөчө көңүл бурду. Аялды камсыздоону кичинекей кезинде атасына, турмуш курганда жолдошуна, улгайганда баласына жүктөдү. Нике кыйылып жатканда да алгач кыздан ыраазылык суралганы – аялзатына артыкчылык бергени эмей эмне?  Исламият аялзатынын даражасын канчалык көтөргөнүнө карабай, айрым учурларда аялзатына карата жагымсыз көрүнүштөр токтобой келет. Мунун эң негизгиси болуп «аялга зомбулук кылуу» саналат. Арабызда «аялдарыбызга кол көтөрүүгө шарият уруксат берет» деген түшүнүктөгү адамдар да жок эмес. Демек аялга себепсиз зыян жеткирүү шариятка каршы аракет болуп саналат»,-деди  Ош шарынын казысынын орун басары.

Муну менен катар жыйында жоолук салынуунун адептери, ислам динин баалуулуктары жана улуттук нарк, салт, кыргыз элинин маданияты боюнча дагы баяндамалар жасалды.