Баткен облусунун казысы дүйнөнү таң калтырган Абдулла кары Айдосовду кабыл алды

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров Баткен районунун Чек айылынан чыккан жаш кары Абдулло кары Айдосовду кабыл алды.

Алгач жаш карыга өзүнүн Куранды кооз, өзгөчө ыкма менен үйрөнүп дүйнө элине Кыргызстанды,  анын ичинен Баткен облусун даңазалап жаткандыгы үчүн ыраазылыгыгын билдирди.

“Биз, Баткен эли сиз менен сыймыктанабыз. Баткен элин диндин борбору катары билет. Сиздей карылардын чыгуусу учубуз кур эместигинен кабар берет. Сиз биздин башка жаштарыбыз үчүн  үлгүсүз. Баткен казыятынын кызматкерлери менен биргеликте сизге ыраазычылык айтуу менен шыктандыруу максатында бир аз белектерибизди жана акчалай колдообузду кабыл алыңыз. Буйруса биз сизди элибизге, динибизге кызмат кылган сыймыктуу уулдардан болосуз деген ишемидебиз. Аталык тарбия берип, сиздин ушул жетишкендиктерге себепчи болгон ата-энеңизге алкыш айтам. Эң негизи Жаратканга шүгүр, келечек муундарыбыздан билимдүү, адептүү жаштар көбөйө берсин”,-деди облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров.

Абдулла кары Айдосов 2006-жылы 24-августа Баткен облусунун, Баткен районундагы Чек айылында туулган. 5-классынан тартып, мектеп окуусуна айкалыштырып ыйык Куранды жаттоону баштаган.

Эскерте кетсек, Айдосов Абдулла кары 2023-жылы Сауд  Арабия мамлекетинде өткөн дүйнөлүк куран жарышта куран аяттары кайсы жерде түшүрүлгөнүн жана аяттын башталышы, кайсы жерде бүтөөрүн бети, санын айтып ачылыш жасап, дүйнө элин таң калтырган.