Бекназар ажы Жапаров: «Облустук деңгээлде жарыялаган мелдеште районубуздун имамдары өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтөт деп ишенебиз»

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров жалпы имамдарга жыйын өткөрүп, бир канча тапшырмаларды берди.

«Ош облусунун аймагындагы айылдык мечиттердин абалын жакшыртуу максатында имамдар арасында жарыяланган мелдешке карата даярдыктарды күчөтөлү. Муну менен катар жалпы мечит имамдарына өтүлүүчү аттестацияга,  Куран, хадис, фикх, акыйдага тиешелүү категориялар боюнча жакшы даярдык көрүүбүз зарыл. Ошондой эле жаңы окуу жылында мектептерде жана диний окуу жайларда адеп-ахлак, ынтымакка багытталган лекцияларды уюштурууп, коомубуздагы терс көрүнүштөрдү азайтууга салым кошолу»,-деди Бекназар ажы Жапаров.