Нуридин ажы Мамасабиров: Кызматыбызга жоопкерчиликтүү болсок, ийгиликке жетебиз!

Мындай пикирин, Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров  кечээ, 20-августта казыят кызматкерлерине өткөргөн жыйында билдирди.

Казыят кызматкерлери катышкан жыйындын алкагында Муфтияттын тапшырмаларын так аткаруу менен коомчулукка имам Матуридий акыйдасы боюнча ханафий мазхабын бекемдөө, калк менен жүргүзүлгөн иштер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары менен биргелешип аракеттешүү, мечиттерди, имамдарды бирдиктүү базага каттоо боюнча  жүргүзүлгөн иш аракеттер, сыяктуу бир катар оорчундуу маселелер каралды.

Ал эми облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров Баткен казыятынын келечектеги аткара турган пландары тууралуу  маалымат берип, казыят кызматкерлеринин сушун-пикирлери талкууланды.

Ошондой эле облус казысы  казыят кызматкерлерине кызматтык милдеттин так, жоопкерчилик менен аткарганда ийгиликке болорун айтып, жыйында айтылган багытта мындан ары активдүү иш алып баруу боюнча тапшырмаларды берди.