Жалал-Абад облусунун казысы иш сапары менен Чаткалга барды

Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков Чаткал районуна болгон иш сапарынын алкагында райондун акими Алтынбек Сеңирбаев менен жолугушту. Жолугушууда райондун аймагындагы мечиттердин эсепттик каттоосу, эл арасындагы көйгөйлөр, КРнын Президентинин 54 -жарлыгын ишке ашыруу, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен имамдардын бирге иш алып баруусу, жаштар арасындагы наркомания, диний экстремизм жана терроризмди болтурбоо боюнча маселелер талкууланды.

«Райондун баш имам-хатиби Кубаныч мырза менен жакындан кызматташып жатабыз. Буйруса биздин райондо ДИМКнын эсепттик каттоосунан өтпөгөн бир да мечит жок. Биз тараптан зарыл болгон жардамдар кечиктирүүсүз берилип жатат»-деди райондун акими.

Эске салсак Чаткал районунда жалпы 16 мечит бар. Алардын ичинен 8 мечит жума окулуучу мечиттер.