Өзгөндүн баш имам-хатиби 12 айыл өкмөттүн имамдарына жыйын өтүп, анда Ханафий мазхабы, ысырапкорчулук, экстремизм, имамдардын билими боюнча маселелер каралды

Бүгүн, 21-августь күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров райондогу айыл өкмөттөрдүн жооптуу имамдардына жыйын өтүп, анда Ош облустук казыятынын Өзгөн районунда өткөн көчмө жыйындын алкагындагы «Акыйда-ишеним ибадатын маңызы» аттуу семинардын жыйынтыгы катары айыл аймактарда имамдар арасында сабактарды уюштуруу, аталган сабакта казыят тарабынан даярдалган Ханафий мазхабы боюнча иштелип чаккан китепчени пайдалануу, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү, ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш барууну жандандыруу, КМДБ, казыят жана хатибият тарабынан берилген тапшырмаларды өз убагында аткаруу, КМДБ тарабынан дин кызматкерлерине өткөрүлүүчү аттестацияга даярдык көрүү, облустук деңгээлде жарыялаган имамдар арасындагы мелдештин даярдыктарын жакшыртуу сыяктуу маселелер каралды.
«КМДБ, казыят жана хатибият тарабынан берилген тапшырмаларды өз убагында аткарылышында сиздердин мээнетиңиздер бар. Мындан кийин да, активдүүлүгүңүздөрдү көрсөтүп, ар бир ишке жоопкерчиликтүү болуңуздар. Ошондой эле жакында дин кызматкерлерине өтүүчү аттестацияга даярдык көрүп, аймактардагы имамдарга да эскертиңиздер»,- деди баш имам-хатиб Акжол ажы Бакиров.
Айта кетсек, аталган жыйынга Өзгөн районундагы 12 айыл өкмөттүн жооптуу имамдары катышты.