Алимбек ажы Маматаминов: Ибадат кылууга келген жарандарыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракеттенели

аракеттенели Бүгүн, 23-августь күнү Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов райондук хатибиятта айыл өкмөттөрдүн жооптуу имамдардына жыйын өткөрүп, Ош облустук казыят тарабынан жарыяланган имамдар арасындагы мелдешке көрүлүп жаткан даярдыктар боюнча маалымат алды. Муну менен катар баш имам-хатиб аймактагы диний абал, коомчулук менен иштөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

«Казыят тарабынан Ош облусунун аймагындагы мечиттердин абалын жакшыртуу максатында имамдар арасында сынак жарыяланып, ар бир райондун алдыңкы орундарына сыйлуу байгелер коюлду. Өзгөчө руханий азык алуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк болгон умра сапарына жолдомо берилет. Сынактын натыйжасы менен мечиттерибиздин абалы жакшыруусу жана аракет кылган имамдарыбыздын мээнети бааланып, умра сапарына жолдомо насип кылсын деп ниет кылуудабыз. Албетте,  негизги сыйлыкты Алла Таала берет. Кайдыгер болбостон ибадат кылууга келген жарандарыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракеттенели. Ал үчүн жергиликтүү демөөрчүлөр менен тыгыз иштешүү керек»,- деди баш имам-хатиб Алимбек ажы Маматаминов.