Жагымдуу жаңылык: КМДБнын алдында call-борбор ачылды

Бүгүн, 27-август күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн алдында жарандардын диний суроолоруна жооп берүүчү call-борбордун ачылышы болуп өттү. Борбор заманбап техникалык каражаттар менен жабдылып, инновациалык кызматтар менен байытылды.

«Азыр маалымат, байланыш жана коммуникация өнүккөн доордо турабыз. Жарандар үйүндө туруп алып, өздөрү каалаган диний суроолоруна жооп ала турган колл-центр керек эле. Алла Таала мүмкүнчүлүк берип, ушул демилгени ишке ашырып алдык. Борбор акжолтой болуп, элибизге диний жактан жакшы кызмат кылат деп ишенебиз», – деди Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров ачылышта.

Ал эми КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев фатва маселелеринде мыкты, тажрыйбалуу, кесипкөй устаздар жарандардын диний, шарияттык суроолоруна жооп беришерин билдирди.

Call-борборунун иш убактысы дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин, саат 9:00 дөн 17:00 гө чейин болмокчу.

Урматтуу мусулман бир туугандар! Сиз билбеген, түшүнбөгөн же жүрөгүңүздү өйүгөн диний суроолоруӊуз болсо, биздин сall-борборго чалып, жооп алсаңыз болот. Бул кызматтан пайдалануу үчүн +996550557775 номурун териңиз!