Жалал-Абад шаарында жаңы окуу жылына карата 100 балага акысыз кийим-кече жана сумкалар таратылды

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыяты шаардагы жаңы ачылган “Жаннат” балдар дүкөнү менен биргеликте жардамга муктаж, жарым жана тоголок жетим балдарга акысыз мектеп кийимдерин жана сумкаларды таратты.

«Динибизде жетимдин башын сылоо соопту иш. Жаңы окуу жылына карата Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты менен биргеликте жардамга муктаж  1-класстан 5-класска чейинки 50 бала, 50 кызды тандап алдык. Алардын ар бирине бут кийиминен баштап, сумкасына чейин алып бердик. Эң башкысы балдарыбыздын кубанчына аз да болсо себепчи боло алдык”-деди “Жаннат” балдар дүкөнүнүн жетекчиси Бексултан Эрмаматов.

Облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков берешендик, жоомарттык ар кимдин колунан келе берчү иш эмес экендигин айтып, балдардын кубануусуна себепчи болгон “Жаннат” балдар дүкөнүнүн негиздөөчүлөрүнө, жалпы жамаатына ыраазычылык билдирди.

«Балдар биздин келечегибиз. Эч бир бала атасыз же энесиз калып жетим болбосун. Балдарыбыз балалыктын доорун сүрүп, татыктуу билим алып, келечекте өлкөбүздүн өсүп-өнүгүүсүнө кызмат кылган, эгемен Кыргызстаныбыздын эң мыкты уул-кыздары болсун. Алла Таалам балдарыбызды эч нерседен кем кылбасын. Элибизде, жерибизде, бүтүндөй ааламда тынчтык гана болсун»,-деп дуба кылды Жалал-Абад облусунун казысы.