Сузак баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов мечиттердин бирдиктүү базасын түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышууда

Сузак районунун баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов Кыргызстан мусулмандарынын дин Башкармалыгы тарабынан өлкө боюнча жалпы мечиттердин бирдиктүү базасын түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышууда.

Муну менен катар баш имам-хатиб имамдын өздүк делосун каттоодон өткөрүүдөгү иштерге басым жасап, бардыгын бирдиктүү базага жүктөө керектигин эскертти.

«Муфтиятта бирдиктүү база түзүлүп, мечиттерди жана дин кызматкерлерин каттоо иштери өлкө боюнча кызуу жүрүп жатат. Биз дагы салым кошуп, райондогу бардык диний объекттерди такташыбыз зарыл. Андыктан бул иште кайдыгер болбойлу!»,-деди Жунус ажы Исмаилов.