Өзгөндөгү дин кызматкерлерине атайын сабак уюштурулууда

Кечээ, 28-августь күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров айыл өкмөттөрдүн жооптуу имамдардына атайын сабак уюштурулуп башталгандыгын билдирди.

Аталган окутууда Куран тажвиди, фикх жана акыйда боюнча кайталоо жүргүзүлөт.

«КМДБ тарабынан өтүлүүчү аттестацияга даярдык максатында жумада бир жолу сабак өтүлөт. Андан кийин да, илим алуу жана кайталоону таштап койбостон, айына бир жолудан улантып турабыз. Окутууда Куран тажвид, фикх маселелери жана акыйда боюнча казыят тарабынан даярдалган «Имам Абу Ханифанын тавхид жөнүндө осуяты» деген чакан китепчени жаттоону пландаштырып жатабыз», – деди баш имам-хатиб Акжол ажы Бакиров.