Жунус ажы Исмаилов Кыз-Көл айыл өкмөтүнө барып, жергиликтүү имамдарга жыйын өткөрдү

Сузак районунун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаилов аталган районго караштуу Кыз-Көл айыл өкмөтүнө барып, Кыргыз Республикасынын Президентинин №54 жарлыгы, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши тарабынан бекитилген № 01 фатваны ишке ашыруу максатында жергиликтүү имамдарга жыйын өткөрдү.

Жыйында ысырапкерчиликке жол бербөө, аза күтүлгөн жайларда согум сойдурбоого жапа тырмак киришүү, тиешелүү жарлыктарды жана биргелешкен иш пландарды аткарууда мамлекеттик органдар менен тыгыз иш алып баруу боюнча тапшырмалар берилди.

Ошондой эле район баш имам-хатиби мындай иш-чаралар ар бир айыл өкмөттө уланарын билдирди.