Каршы койбо салтың менен диниңди. Айкалыштыр ыйман менен илимди! “Бишкек кыз Куран” медресесиндеги мугалимдерге жаңы окуу жылына карата семинар өткөрүлдү

2024-2025-окуу жылына карата Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдиназар Хаджибековдун катышуусунда Бишкек кыз Куран медресесинде методикалык семинар уюштурулуп, анда календардык тематикалык планды түзүү, тайпалык журналдар менен иштөө, баалоо, экзамендик билеттерди, тесттерди түзүүнүн механизмдери, модулдук система, сабактарды окутуунун инновациялык жана интерактивдик ыкма менен өтүүнүн актуалдуулугу    түшүндүрүлдү.

 

Муну менен катар мугалимдерге:

1.Предмет боюнча билими күчтүү

2.Классты башкаруу

3.Натыйжалуу баарлашуу

4.Пландоо жана уюштуруу

5.Даанышмандык

6.Технологияларды колдонуу

7.Ийкемдүүлүк

8.Позитивдүү маанай жана энтузиазм

9.Маданий компетенттүүлүк

10.Рефлексиялык практика боюнча маалыматтар берилди.

“Мугалим өзүнүн карьерасы боюнча бул көндүмдөрдү өнүктүрүү жана өркүндөтүүсү керек. Буларды сактап алыныздар. Жумасына 1 жөндөм үйрөнсөңүз эң кадыр-барктуу же бренд мугалим болосуз” — деди КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы.

Эске салсак, бул методикалык семинар-тренинг “Бишекек кыз куран” медресесинин мүдүрү Жамила Жороеванын демилгеси менен уюштурулуп, КМДБнын Азирети муфтийинин тапшырмасынын негизинде ишке ашырылды. Бул иш-чарага жалпы 35 мугалим катышып, бир топ пайдалуу маалыматтарды алышты. Методикалык семинар-тренингдин жүрүшүндө окутуучулар активдүү катышып, ар кандай суроолорго жооп алышты. Соңунда аталган окуу жайдын мүдүрү “Каршы койбо салтың менен диниңди, айкалыштыр ыйман менен илимди”,- деген ураандын алдында медресенин ишмердүүлүгү жүргүзүлө беришин баса белгилеп,  КМДБга, колдоп бергендерге ыраазычылык билдирди.