Ош шаардык казыяты АКтын тиешелүү токтомдорун ишке ашыруу боюнча талкуу өткөрдү

Ош шаардык мусулмандарынын казыяты тарабынан калаадагы жалпы дин кызматкерлерине жыйын өткөрүлүп, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин №1-2-3-4 токтомдорунун негизинде түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү боюнча тапшырма берилди.

Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов дин кызматкерлеринин жоопкерчиликтерине токтолуу менен буларды билдирди:

«Азыркы учурда адамдардын көпчүлүгү мечитке келет. Андыктан мечиттердеги жамааттарга динди туура түшүндүрүү керек. Тиешелүү токтомдордо көрсөтүлгөн дин кызматкерлеринин бирдиктүү формасына көңүл бургула. Силер эл алдында жүрөсүңөр, формаңар ар убак таза, тыкан болушу шарт».

Шаар казысы жыйында хижаб (никаб) маселеси боюнча дагы токтолуп: «Ар бириңер жаматыңарга айткыла. Элибиз фарз амал менен мустахаб амалдын айырмачылыгын билиши шарт. Коомдо кайсы маселе оорчундуу болуп жатса, түшүндүрүү иштерин, аялдардын сабактарын уюштургула. Аялдарыбыз билимдүү болгону жакшы», – деди калаа казысы.

Ал эми казынын орун басары Муратали кары Мамадияр уулу КМДБ тарабынан өтүүчү аттестация боюнча маалымат берип, имамдарды жакшылап даярданууга чакырды.

Белгилей кетсек, Ош шаарында жалпы мечиттерде уюштурулуучу аялдар сабактары мечиттин имамынын көзөмөлү астында болуп, талапка жооп бере турган шартта окутууга уруксат берилген.