Баткенде дин кызматкерлери жана дарыгерлердин катышуусунда тегерек стол өттү

Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын жыйындар залында облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров жетектеген дин кызматкерлери жана Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ден соолукту чыңдоо бөлүмүнүн адистеринин катышуусунда тегерек стол өттү.

Жыйында дарыгерлер оорунун жайылуусун токтотуучу жалгыз ыкма – адамдарды массалык түрдө эмдөө экенин түшүндүрүп, аны коомчулукка жеткирүүгө дин кызматкерлеринин көмөгү зарыл экенин айтты.

Ал эми Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров ислам дини ден соолукка кам көрүүгө жана аны сактоого чоң маани берерин, ден соолукту сактоо, туура тамактануу, физикалык активдүүлүк, тазалык жана медициналык жардамды колдонуу зарылдыгын айтып, коомдогу көйгөйлүү маселелер менен катар жугуштуу ооруулардын алдын алууда эмдөөнүн өз убагында алынышы боюнча дин кызматкерлери тынымсыз иш алып барып жаткандыгын билдирди.

Ошондой эле имамдар жума намазы окулган мечиттерде кошумча маалымат берип жаткандыгын, бул иштер улантыларын белгилеп кетти.