Балыкчы шаарында жаңы окуу жылына карата муктаж үй-бүлөлөргө жардам берилди

Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарындагы “Ырыс” борбордук мечитинде муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү. Балыкчы шаардык хатибияты Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы фонду менен биргеликте өткөрүлгөн кайрымдуулук саамалыгы келе жаткан окуу жылына карата уюштурулду.

Жалпы 80 ден ашуун үй-бүлөгө кийим-кече, окуу куралдары, тамак-аш жана акчалай белектер таратылды. Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов демөөрчүлүк кылган инсандарга ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады:

«Урматтуу туугандар, сиздер Кыргызстандын ар тарабында жакшылык иштерди аткарып келесиздер. Жараткан Алла Таала кабыл кылып, эселеп-эселеп соопорду берген болсун. Сиздерге өзүмдүн, шаар тургундарынын жана жардам алып жаткан адамдардын атынан ыраазычылык билдирем», – деди баш имам-хатиб.