Чүйдө Аалымдар Кеңешинин токтомдорун аткаруу боюнча талкуу өттү

Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдул-Азиз ажы Чыныбеков жалпы диний кызматкерлерге айлык жыйын өткөрдү. Жыйында Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин №1-2-3-4 токтомдорунун негизинде иш алып баруу жана түшүндүрүү иштерин улантуу тапшырмасы берилди.

Облус казысы Абдул-Азиз Чыныбеков имам-хатибдер өз милдеттерин так аткаруусу керектигин айтып, төмөнкүлөрдү билдирди:

«Аймакта жергиликтүү жашоочулардын катарында беш маал намазга келгендер жана келбегендер бар. Мечитке тез-тез каттап тургандардан сырткары жалпы жашоочуларга салтуу динди жеткирели. Бул иштерди жүргүзүүдө үлгүлүү бололу».

Жыйындын жүрүшүндө дин кызматкерлерине төмөнкүлөр боюнча тапшырмалар берилди:

— Медреселердин ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды тактоо;

— 2-сентябрда диний окуу жайларда жаңы окуу жылын салтанаттуу түрдө баштоо;

— ДОЖдордо патриоттук сезимдерди ойготуучу сабактардын көлөмүн арттыруу;

— Казыяттын, хатибияттын жана имамдардын иш-чараларын жогорку деңгээлде чагылдыруу.