Эл энчиси – эгемендик маарек болсун! Азирети Муфтийдин Эгемендик күнүнө карата куттуктоосу

 


Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен баштаймын.

Ааламдардын Раббы болгон Алла Таалага сансыз мактоолор, анын элчиси жана кулу Мухаммад Мустафага салават-саламдар болсун.
Ардактуу бир туугандар!

Бүгүнкү жаңырган 31-август – Эгемендүүлүк күнүбүз жалпыбызга куттуу болсун. Оболу Алла Тааланын колдоосу, ата-бабаларыбыздын күжүрмөн аракети менен эркин, көз карандысыз, суверендүү өлкөдө жашап жатабыз.
Тарыхка кылчайсак, 1990-жылдын октябрь айында республиканын Жогорку Кеңеши өлкө аталышын Кыргыз ССРинен Кыргызстан Республикасына өзгөртүп, 1990-жылдын 15-декабрында республиканын Эгемендик декларациясын кабыл алып, 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү жарыялаган. Бул даталар, өзгөчө 31-август эркин өлкөбүз үчүн өзгөчө күн. Дал ушул күн саясий жагынан үлкөн мааниге ээ болгондой эле, дин жагынан да зор мааниге ээ. Анткени дал ушул күнү 70 жыл бою кусадар болуп келген дин тутуу эркиндиги колубузга тийген.
Арийне мамлекетибиздин түптөлүшү бир күн же бир жыл менен чектелбес. Акыйкатта ата-бабаларыбыз өлкө пайдубалын түптөөгө тээ 100 жыл мурда эле көк жалдык менен умтулуп келгени маалым. Мунун эң жаркын өрнөгү катары 1924-жылы 27-октябрда Кара-Кыргыз автономиясынын түптөлүшүн айтсак болот. Өткөн кылымдагы улут интеллигенциясынын өкүлдөрү Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Турдалы Токбаев, Касымбай Телтаев, Жусуп Абдрахманов өңдүү аталар зор тобокелдикке барып, кара жанын канжыгага байлап, улуттук автономияны түптөөгө жетишкен. Алар муну менен гана чектелбей, келечектеги көз карандысыз мамлекет үчүн, тагыраагы азыркы күнөстүү Кыргызстаныбыз үчүн опол тоодой эмгектерди жасай беришкен. Тилекке каршы, алардын аракеттери мурдагы режимдин көз жаздымында калбай, саясий элитанын көпчүлүгү массалык түрдө тындым кылынган. Алла Таалам ушул бактылуу күндөр үчүн шейит кеткен баатыр аталарыбыздын рухун шат кылган болсун. Шейит аталарыбыздан кем калбай, миң түркүн азаптарга дуушар болуп, көз карандуулуктун кесепеттерин жон териси менен сезген каарман апаларыбызды да Жаратканым мээримине бөлөсүн.

Кадырлуу мекендештер!

Эгемендик Эгем Тааламдын эң зор жакшылыктарынын бири. Эркиндиктин кадыр-баркын мыктылап билип, көз карандысыздыкты көз карегинен да аяр сактоого тийишпиз. Анткени анын шарапаты менен исламды кучактадык. Анын шарапаты менен мечиттерди салып, азандарды жаңыртуудабыз. Анын шарапаты менен аянттарда кылкылдап намаз намаз окуп, улуу айт күндөрүн майрамдап келүүдөбүз. Анын шарапаты менен Рамазан орозосун тутуп, ажылыкка ээн-эркин баруудабыз. Мына ушул аталган жана аталбаган сансыз нээмат-жакшылыктарды көрө билбесек, туя албасак, анда Алла Тааланын белеги болгон эгемендиктин акысын бере албаган болот чыгарбыз.
Демек бизди – биз кылып турган кимдигибизди, өзгөчөлүктөрүбүздү, иденттүүлүгүбүздү бекем сактап, бабаларыбыздан калган мурастарды урпактарга сак-өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз. Бизди биз кылып турган баалуулуктар; Мекенибиз, тилибиз, динибиз, дилибиз, салт-санаабыз, нарк-насилибиз, тарыхыбыз, «Манасыбыз», макал-лакабыбыз, журтубуз, элибиз, жерибиз, мамлекетибиз! Мунун баарын ары атуул катары, ары мусулман катары барктоого тийишпиз.
Урматтуу журтташтар!

Эгемендик күнүбүз кут болсун! Алла Таала эгемендигибизден ажыратпасын. Көз карандысыздыгыбызды ыймандуулук, илим-билим, эмгекчилдик, эрктүүлүк менен гана сактап, күчтөндүрө алабыз. Кызыл туубуз кыяматка чейин эркин желбирей берсин. Оомийн.

Куттук айткан, Кыргызстан мусулмандарынын
Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров.