Ноокенден 80 бала табият койнунда эс алышты

Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук хатибияты «Алай жаннат» фондунун чакыруусу менен райондун аймагындагы 80 жарым жана тоголок жетим баланы Ош облусунун Алай районуна саякатка алып барып, табият койнунда эс алдырып келди.

Райондун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков балдардын кубанчына шарт түзгөн «Алай жаннат» фондунун жетекчилигине жана жалпы жамаатына ыраазычылыгын айтып буларга токтолду:

«Жетимдин башын сылоо өтө сооптуу иш. Элибизде, «Бала кубанса аалам кубанат» деген кеп бекеринен айтылбаса керек. Райондогу 80 жарым жана тоголок жетим бала «Алай жаннат» фондунун чакыруусу менен Ош облусунун Алай районуна барып жаратылыш койнунда жыргап ойноп келишти. Фонд тарабынан ал жайда балдар үчүн акысыз тамак-аштар, оюн-зооктор уюштурулду. Ал тургай балдарга деп белектерди да даярдашыптыр. Жалпылап айтканда, балдардын жошоосунда эсте кала турган эң мыкты көз ирмемдер болду».

Белгилей кетүүчү жагдай, Ноокен районунан барган балдардын көпчүлүгү жарым жетим жана жалгыз бой энелердин балдары.