Мелисбек ажы Тургунбаев Жалал-Абад шаардык мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланды

Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев Жалал-Абад шаардык мэриясынын Ардак баракчасы менен сыйланды.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун 2024-жылдын 28-августундагы №412 буйругунун негизинде берилген баракчада «31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата каада-салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүүдө кошкон салымы үчүн Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев сыйланат» деп белгиленген.

Бул сыйлыкты кечээ, 30-август күнү Жалал-Абад шаарынын 1-вице мэри Кубанычбек Иманалиев тапшырды.

Эске салсак, Мелисбек ажы Тургунбаев 2024-жылдын 20-майында Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби кызматына дайындалган.