КМДБга караштуу бардык диний окуу жайларда бирдиктүү тайпалык журнал пайдаланылат

КМДБнын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасынын негизинде КМДБга караштуу бардык диний окуу жайларда 2024-2025-окуу жылына карата бирдиктүү Тайпалык журнал пайдаланууга берилди. Тайпалык журнал буга чейин бардык диний окуу жайларга долбоорлору таратылып, үч талкуудан кийин бекитүүгө берилип, учурда диний окуу жайга таратылууда. Алгачкы таратуу Бишкек шаарына караштуу диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнүн, окуу бөлүм башчыларынын катышуусунда Азирети Муфтий өзү тапшырды.

Азирети Муфтий диний окуу жайдын потенциалын көтөрүү, илимий жарыштарды, спорттук таймаштарды уюштуруу, пилоттук негизде жети медресе тандалып алынгандыгы, келечекте дагы тандалары тууралуу токтолуп, сүйүнчү катары эркектердин диний окуу жайлары үчүн 1 умра квота, ал эми кыз-келиндер окуп жаткан медреселер үчүн 2 умра (устаза махрамы менен) квота каралгандыгын айтып, диний окуу жайдын жетекчилерин жаңы окуу жылына карата куттуктап, Тайпалык журнал жакшылыктарга болушун тилеп, ийгиликтерди каалады.

Ал эми КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдиназар Хаджибеков буга чейин аймактарда семинар-тренинг өтүлүп, журналдарды пайдалануу тууралуу методикалык көрсөтмөлөр берилгендигин айтып, сентябрь айларында методикалык семинардын экинчи айлампасы болушу күтүлүп жатканын билдирди.

Эске салсак, 2024-2025-окуу жылына карата КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдиназар Хаджибековдун катышуусунда Бишкек кыз Куран медресесинде методикалык семинар уюштурулуп, анда календардык тематикалык планды түзүү, тайпалык журналдар менен иштөө, баалоо, экзамендик билеттерди, тесттерди түзүүнүн механизмдери, модулдук система, сабактарды окутуунун инновациялык жана интерактивдик ыкма менен өтүүнүн актуалдуулугу  түшүндүрүлгөн.