Ноокен районунда өспүрүмдөр арасында Куран жарышы болуп өттү

Ноокен районунун Садырбаев айыл аймагына караштуу Масы айылындагы «Тайир ажы» жана «Билал» мечиттеринде өспүрүмдөр арасында Куран жарыш болуп өттү. Жарышка 7 жаштан 14 жашка чейинки балдар катышып, жеңүүчүлөр баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланышты. Иш-чарага Ноокен районунун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков, Д. Садырбаев айыл аймагынын башчысы Алтынбек Бекибаев, аталган мечит имамдары Тайыр ажы Абдукаримов, Улукбек ажы Моминов жана балдарды окуткан устаздар менен ата-энелер катышты.

Саамалыкта райондун баш имам-хатиби кыска убакытта балдарды окутуп даярдаган устаздарга, ата-энелерге, мечит имамдарына жана атайын убактысын бөлүп келген Д. Садырбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Бекибаевге ыраазычылык сөзүн айтып,

«Урматтуу ата-энелер, жайкы каникулда балдарыбыздын убактысын текке кетирбей, аз да болсо Куран илимин алып калуусуна шарт түзүп бердиңиздер. «Тайир ажы» мечитинде 50гө жакын бала келип-кетип Куранды үйрөнсө, «Билал» мечитинде 30 жакын бала каттап окушту. Жалпы 80ге жакын бала аз да болсо Куран окуп, дуба кылганды үйрөнүүгө жетишти. Бүгүн балдарыбыздын кыска убакыт аралыгында Куран боюнча окуп-үйрөнгөн билимин, адеп-ахлагын көрүп турабыз. Буйруса балдарыбыздан келечекте мыкты илим ээлери, аалымдар, журт башкарган эр-азаматтар чыгат деп ишенебиз.Балдарыбыздын келечеги кең, өмүрлөрү узун болсун», – деп ак батасын берди.