Жалал-Абад шаарында өспүрүмдөр арасында Куран, адеп, дуба боюнча сынак өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты Жалал-Абад шаардык хатибияты менен биргеликте өспүрүмдөр арасында Куран, адеп, дуба боюнча мелдеш өткөрүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктарды тапшырды. Сынакка жалпы 70 бала катышып,6 бала акчалай сыйлык алса, 20 бала атайын сертификаттарга ээ болду.

Шаардын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев сынак боюнча буларга токтолду:

«Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков 2024-жылды казыят менен хатибият кызматкерлери үчүн илим жылы деп жарыялаган. Бул жылы имамдарыбыздын билим деңгээлин жогорулатуу менен бирге, балдарыбыздын диний билим алуусуна көп көңүл бурулуп жатат. Казыяттын уруксаты менен балдарыбыз жайкы каникулду бекер өткөрбөсүн, аз да болсо билим алып калсын деген ниет менен шаардагы 3 медреседе жана 3 мечитте Куран, адеп, дуба боюнча сабактар өтүлгөн. Бүгүн мына ошол алган, окуп үйрөнгөн билимдери боюнча өздөрүн сынап көрүштү. Соңунда атайын комиссиянын чечими менен 1-орунга 20 000 сом, 2-орунга 15 000 сом, 3-орунга 10 000 сом, 4-орунга 7 000 сом, 5-орунга 5 000 сом, 6-орунга 3 000 сом акчалай сыйлыктар, 20 балага атайын сертификаттар тапшырылды».