Жаңы окуу жылына карата Ноокен районунда 90 балага сумка жана окуу куралдары берилди

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты Ноокен райондук хатибияты менен биргеликте кайрымдуу инсандардын демөөрчүлүгү астында райондогу аз камсыз болгон 90 балага сумка, окуу куралдарын жана акчалай конверттерди тапшырды. Иш-чара райондун борбордук мечитинде өтүп, ага Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятынын мечит жана окуу адиси Арпидин ажы Жороев, райондун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков, балдар жана ата-энелер катышты.

Казыяттын мечит жана окуу бөлүмүнүн адиси Арпидин ажы Жороев райондук хатибият тарабынан сунушталган демилгени колдоого алган, балдардын кубануусуна себепчи болуп, иш-чарага салымын кошкон ар бир жаранга ыраазычылык сөзүн айтып, «Балдар биздин келечегибиз. Ким бир баланы же жетимди кубантса, ага себепчи болсо, ал инсанга Аллахтын сыйы болот. Бүгүн жардам алып турган балдарыбыздын арасынан келечекте мыкты кесип ээлери, берешен инсандар чыгат. Эң башкысы балдарым, кыздарым жакшы окуп, татыктуу билим алгыла. Жалган айтуудан, жаман адаттардан алыс болгула», – деди.

Соңунда балдар жана ата-энелер үчүн Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты тарабынан акысыз балмуздактар таратылды.