Жалал-Абад шаарында имамдар арасында фикх боюнча сынактын 2-туру өттү

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты Жалал-Абад шаардык хатибияты менен биргеликте шаардагы имамдар арасында “Фикх: ханафи мазхабынын далилдери” аттуу китеп боюнча жарыяланган сынактын 2-турун өткөрдү. Сынак шаардагы «Биби Мариям» мечитинде өтүп, ага Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев жана жалпы 36 имам катышты.

Шаардын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев имамдар буга чейин “Фикх: ханафи мазхабынын далилдери” аттуу китептин «даарат» бөлүмү боюнча тестирлөөдөн өтүшкөнүн, бул жолу «намаз» бөлүмү боюнча тест тапшырышканын айтып буларга токтолду:

«Биз, облус казысы Нематулла ажы Жээнбековдун тапшырмасына ылайык, ушул сынакты жарыялаганбыз. Максатыбыз имамдар арасындагы достукту, ынтымакты бекемдөө. Эң башкысы «Фикх» илими боюнча имамдарыбыздын билим деңгээлин жогорулатуу, көп жылдар бою динге кызмат кылып жаткан аксакал имамдарыбыздын илимдерин алып калуу жана андан пайдалануу. Аны менен бирге КМДБнын АК тарабынан кабыл алынган №1, №2, №3, №4 жана Президентибиз С.Жапаровдун №54 жарлыгын ишке ашыруу жана аны элдин калың катмарына жеткирүү».

Белгилей кетүүчү жагдай, буга чейин шаарга караган 36 мечит болсо АТР программасы менен дагы 57 мечит Жалал-Абад шаарынын аймагына кошулду. Эми ушул жылдын 25-сентябрында жаңы кошулган имамдар жогоруда аталган китептин «даарат жана намаз» бөлүмү боюнча тест тапшырышат. Сынак ушул жылдын 26-июнунда жарыяланган. Имамдар буга чейин «Фикх: ханафи мазхабынын далилдери” китебинин «даарат» бөлүмү боюнча тестирлөөдөн өтүшкөн.