Азирети Муфтий: Алла Таала бизди билимдүү болууга чакырат

Урматтуу мугалимдер, билим берүү жаатында эмгектенип жаткан кызматкер!  Сиздерди бүгүнкү жаңы окуу жылынын башталышы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Ыйык Курани Каримдин Алак сүрөсүнүн алгачкы аяты: «Оку! Жараткан Эгеңдин аты менен» деп башталат. Демек Жаратан Алла Таала бизди билим алып, билимдүү болууга чакырат.

Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ): «Албетте, мен мугалим болуп жиберилдим», — деген. Демек сүйүктүү пайгамбарыбыз (САВ) да туура жашоого окуткан. Силер дагы жаштарды, келечек ээлерин туура жашоого, жакшы адеп-ахлакка багыттап, өз билимиңиздерди жана мээримиңиздерди бересиздер. Билим келечектүү өнүгүүнүн башаты. Инсан билим алуу аркылуу көптөгөн ийгиликтерди багындыра алат. Ошол эле учурда билим адамдын жан дүйнөсүн кеңейтет. Инсан бул дүйнөнүн жана акыреттин илимин алуусу керек. Качан гана адамдын руханий жан жүйнөсү оңолсо келечегибиз оңолуп, ар кандай жаман илдеттерден, терс көрүнүштөрдөн оолак болобуз.

Мына бүгүн өлкөдөгү бардык билим берүү тармактары өз ишин баштап, бөбөктөрдөн тарта университеттерге чейин эшигин кенен ачты. Булардын катарында Муфтияттын алдындагы бардык диний окуу жайларыбыз дагы жаңы дем менен өз иштерин баштап жатат. Биз, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын алдындагы диний окуу жайлардын иштерин жакшыртып, электрондук системага өткөрүүнү пландап, эң негизгиси терең билим берүүгө умтулуп келебиз.

Андыктан Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жана КМДБнын окуу бөлүмүнүн атынан жалпы билим берүү жаатында эмгектенип жаткан мугалимдерге ыраазычылык билдирүү менен дагы бир ирет бүгүнкү билим майрамы менен чын дилимден куттуктаймын. Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Урматтуу мугалимдер, ардактуу устаздар! Өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өз салымын кошуучу жаштарды окутуу жана тарбиялоо иштеринде албан-албан ийгиликтерди Жараткан Алла Тааладан тилеп кетмекчимин!