Жети-Өгүздө эки имам «Ардактуу атуул» наамы менен сыйланды

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда эки имам көп жылдык эмгеги, айыл аймактын өсүп-өнүгүүсүнө, жаш муундарды ыймандуулукка тарбиялап, айыл тургундарын биримдикке жана ынтымакка чакырып, коомдук иштерде активдүү катышкандыктары үчүн атайын сыйлыкка ээ болушту.

Тактап айтканда, Чырак айылынын имамы Аскарбек Жумаев Жети-Өгүз айыл аймагынын, ал эми Чоң-Жаргылчак айылынын имамы Кылычбек  Базарбаев Жаргылчак айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын алышты.

Чырак айылынын имамы отуз бир жыл имамдык кызматын аркалаганына элет эли ыраазычылык билдирип, жылкы тартуу кылышты.

Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу имамдарды куттуктап: «Имамдарыбыздын жергиликтүү бийлик тарабынан мынтип кызматтары бааланып, сыйлык алгандыгы биз үчүн сыймык. Чындыгында имамдарыбыздын элге кылган мээнети абдан чоң. Жартакан Алла Таала иштерине ийгилик берип, мындан кийин да элибизге, жерибизге ак кызмат кылууну насип кылсын. Имамдарыбыздын иштерине ийгилик берсин. Мекенибизде ар дайым тынчтык өкүм сүрүп, өнүгүү болсун», – деди.