Ош облусундагы ДОЖдор жаңы окуу жылына карата салтанаттуу түрдө өз ишмердигин баштады

Бүгүн, 2-сентябрь күнү Ош облусундагы жалпы диний окуу жайлар Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закировдун №301 буйругунун негизинде жаңы окуу жылын салтанаттуу түрдө ишмердүүлүгүн баштады. Облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев жана райондун баш имам-хатибдери окуу жайлардан кабар алып, ДОЖ студенттерине өз насааттарын айтышып, окууларына ийгиликтерди каалашты.

Облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев «Апиза эне» атындагы ислам институту жана «Жабир» кыздар медресесин зыярат кылса, Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Исак ажы Юнусов «Абдыжапар» атындагы ислам институтун жана «Имам Мухаммад» медресесин, Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров «Молдо Таабалды ажы» медресеси, «Имам Термизий» медресеси» жана «Атаназар кары» медресесин, Араван районунун баш имам-хатиби Умарали ажы Муратов «Имам Аль-Бухарий » медресесин, Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев «Шарип Ата» медресеси жана «Айгуль Умму Фатима» аялдардын диний окуу борборун зыярат кылышты.

«Ата-энеңер атайын силерди илим алсын деп көптөгөн нерселерди үмүт кылып окууга жөнөттү. Ата-энеңердин мээнетин, силерди окутам деп талыкпай эмгектенген убактысын жана арзуу максаттарын, ишенимдерин актап, мыкты деңгээлде окугула. Окууңарга ийгилик каалайбыз», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Казы өз сөзүндө мазхаб кармануунун зарылдыгы жана Ислам динин элге туура жеткирүүдөгү жоопкерчилик боюнча эскертип өттү:

«Тарыхты карап көрсөк, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) доорунан кийин түрдүү маселелер жаралып, түрдүүчө агымдар чыга баштаган. Ошол учурда өз эмгектери менен динди сактап калууда талыкпай аракет кылган аалымдардын жолун жолдоо бүгүнкү учурда силердин жоопкерчилигиңерде турат. Анткени азыркы мезгилде да акыйда маселесин элге туура жеткирүү талап кылынууда. Элибиз диний сабаттуулук боюнча бир топ алдыга жылган. Мурда фикх багытында суроолор гана берилген болсо, учурда акыйда жаатындагы маселелер жаралууда. Ошол себептен убакытты текке кетирбей, мыкты адис болуп чыгуу үчүн китеп окууга басым жасагыла. Илим талап кылуучу адам максатын бийик коюусу керек», – деп баса белгиледи.

Райондун баш имам-хатибдери да барган диний окуу жайларында өз насааттарын айтып өтүштү.

Айта кетсек, Ош облусунун аймагында жалпы 45 диний окуу жай болсо, алардын 4 өө ислам институту, 28 и медресе, ал эми 13 ү диний окуу борбор.