Талас: Дагы бир имам «Ардактуу атуул» намын алды

Талас облусуна караштуу Манас районунда айылдык имам айыл аймактын өнүгүүсүнө, жаштарды ыймандуулукка тарбиялап, эл арасындагы ынтымакты бекемдөөгө салым кошкондугу жана кайрымдуулук иштерин жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн сыйлыкка ээ болду.

Тактап айтканда, Манас районунун Май айылындагы «Май» мечитинин имамы Тургунаалы ажы Молдоналиевге Манас райондук администрация тарабынан Манас районунун «Ардактуу атуулу» наамы салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Манас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев: «Имамдарыбыз эл үчүн, дин үчүн ак кызматтарын кылып келе жатат. Көп жылдык мээнеттерин эске алып, мынтип жергиликтүү бийлик тарабынан сыйлык берилип жатканы биз үчүн сыймык. Мындай нерселер мындан ары да имамдарыбызга ак кызмат кылууларына дем-күч бермекчи. Сыйлык алган имамды куттуктап, Манас райондук администрациясына жана анын башында турган Жээнбеков Досмамбет Аматовичке ыраазычылык билдиребиз», – деп билдирди.