Абдил-Азиз ажы Чыныбеков: «Мекенди сүйүп, колдон келген кызматыбызды арнайлы»

Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков Аламүдүн районун Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн Октябрь айылындагы борбордук мечитинде эл менен жолугушуу өткөрдү. Жергиликтүү эл менен жолугушууда облус казысы Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин №1-2-3-4 токтомдорун аткаруу алкагында салттуу ислам, коомдук биримдик, динде аша чаппоо, ата-энеге кызмат кылуу, мекенди сүйүү, билимдин мааниси боюнча сөз сүйлөдү.

«Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) «Эгерде меккеликтер мени куубаганда, бул жактан кетпейт элем» деп айткан. Демек, мында мекенди сүйүү керектиги кабарланууда. Биз киндик каныбыз тамган туулган жердин кадыр-баркын билишибиз керек. Сахабалар «Меккени сагынуу» деген оорууга чалдыгат. Ошондо Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) мындай деп дуба кылды: «Аллахым бизге Меккени кандай сүйкүмдүү кылсаң, Медина шаарын да ошондой сүйкүмдүү кыл!». Биз мындан Аллах берген өлкөнү барктап, сыйлап, ага колдон келген кызматыбызды арнап, жакшылык иштерди аткарышыбыз керектигин түшүнөбүз», – деди облус казысы.

Абдил-Азиз Чыныбеков мекенсиздиктин кесепеттерин, жума күндүн соопторун, ата-энени сыйлоонун пазилеттерин, ханафи мазхабы, матуриди акыйдасы, өзгөчө салттуу дин боюнча түшүндүрүп өттү.