Ош шаарындагы медреселер зыярат кылынып, жаңы окуу жылына карата бекитилген окуу программасы текшерилүүдө

Бүгүн, 2-сентябрь күнү Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов шаардагы «Умму Мухаммад» медресесин зыярат кылып, медресе жамаатын жана студенттерди билим күнү менен куттуктап, жаңы окуу жылына ийгиликтерди каалады.

Калаа казысы окуу жылдын башталышында КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн нускамасына ылайык, медреселердин окуу программасы жана шарты текшерилип, мугалимдеринин билими көздөн өткөрүлүп, казыят тарабынан сунушталган бирдиктүү темалар боюнча ачык сабактар уюштурулуп турарын айтты.

Белгилей кетсек, Ош шаарында жалпы 6 медресе бар. Алардын баары окутуучулар менен толук камсыздалып, жаңы окуу жылына карата өз ишин баштады.