Талас облусунда ДОЖдор жаңы окуу жылын салтанаттуу түрдө баштады

Билим күнүнө карата КМДБнын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун №301 буйругунун негизинде Талас облусундагы жалпы диний окуу жайлар жаңы окуу жылын салтанаттуу түрдө баштады. Облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев баштаган казыят жамааты окуу жайлардан кабар алып, ДОЖ студенттерине акыл-насааттарын айтып, жаңы окуу жылына ийгиликтерди каалады.

Облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев Талас шаарындагы «Имам Азам» балдар медресесин жана «Чет тилдер» кыздар медресесин зыярат кылды.

«Илим жолуна түшкөн кадамыңарды Кудайым жеңил кылсын. Илим сөзү Куранда бир канча жерде кайталанган. Жана дагы Аллах Таала түшүргөн биринчи аят «оку!» деп башталып, адам баласын илимдүү, билимдүү болууга үндөйт. Илимдүүлөрдүн даражасын Кудайым бул дүйнөдө эле көтөрүп коет. Андыктан илимдүү болууга аракет кылалы. Азыр окуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн, мурда мындай шарттар жок эле. Ошол эле биздин Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тараптан дагы диний окуу жайларга көңүл бурулуп, муктаждыктарын чечүү жолдорунун үстүндө иш алып барып жатат. Кудайым буюрса, келечекте мыкты аалым, кары болушуңарга тилектешпиз!» – деди облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев.

КМДБ жетекчисинин буйругунун негизинде облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев «Чет тилдер» кыздар медресесинин методисти Багымбүбү Жаманкуловага КМДБнын Ардак грамотасын тапшырса, ушул эле медресесин мугалими Максуда Таштанбековага КМДБнын ыраазычылык катын ыйгарды.

Эске салсак, Талас облусунда ДИМКнын эсептик каттосунан өткөн жалпы 7 медресе иш алып барат. Алардын 1 и кыздар үчүн, калганы уландар үчүн диний билим берип келет.