Каракол шаарынын баш имам-хатиби Ысык-Көл облусунун «Ардактуу атуулу» болду

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын баш имам-хатиби Талант ажы Сабриков Ысык-Көл облусунун «Ардактуу атуулу» наамын алды.

Казыяттан билдиришинче, КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн 27-августундагы токтомунун негизинде облус аймагындагы жаштарды ыймандуулукка чакырып, шаардын руханий өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн аталган наам ыйгарылды.

«Кудай Таалага мактоолор, шүгүрлөр болсун. Аткарылып жаткан эмгектер бааланып, сыйлык алып турабыз. Арзыбаган кызматыбызды баалаган жергиликтүү жетекчиликке ыраазычылык билдиремин. Иштерине албан-албан ийгилик каалаймын. Мамлекетибиз өркүндөп-өсө берсин», – деди Каракол шаарынын баш имам-хатиби.