Билим күнүнө карата жалпы диний окуу жайлар эшигин ачты

1-сентябрь – Билим күнүнө карата жаңы келген абитуриенттер, студенттер, окуучулар үчүн 2024-2025-окуу жылына карата КМДБнын түзүмүнө караштуу бардык диний окуу жайлар 2-сентябрь күнү каалгасын ачып, окуу жараянын расмий жүргүзө башташты.

2-сентябрь салтанаттуу иш-чара менен башталып, линейкалар, жолугушуулар, уюштурулуп, диний окуу жайдын даярдоо курсунун жана 1-курсунун окуучуларын, студенттерин илим-билимге кызыктыруу максатында «Окусаң илим үйрөнүп, орундуу жазган кат жакшы», 2-3-курстун окуучуларынын, студенттеринин патриоттуулук сезимдерин ойготуу максатында, мамлекеттик символикалар, атрибуттар тууралуу маалымат берүү максатында «Мекеним – Кыргызстан» деген темалардын алкагында сабактар өтүлүп, КР Президентинин Улуттук нарк жөнүндө 2022-ж.20-май ПЖ №157 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында 4-курстун жана андан жогорку курстун окуучуларынын, студенттеринин нарктуулук жана элдик тарбия тууралуу түшүнүгүн туура калыптандыруу максатында лекциялар өткөрүлдү.

“Бул иш-чара КМнын Азирети Муфтийинин буйругунун негизинде уюштурулуп, ага КМ Аалымдар Кеңеши тарабынан дайындалган кураторлор, облус казылары, казыят кызматкерлери, укук коргоо органдары, диний окуу жайдын жетекчилери катышты”, – деп билдирди КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдиназар Хаджибеков.