Азирети Муфтий диний ишмер Таалай ажы Бапиевдин дүйнө салганына байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров өлкөгө таанымал дин ишмери, көптөгөн жылдар бою дин исламга ак кызмат өтөгөн Талас облусунун мусулмандарынын мурдагы казысы, дин аалымы Таалай ажы Бапиевдин дүйнө салганына байланыштуу маркумдун жакындарына көңүл айтты:

«Талас облусунда көп жыл бою казылык кызматты аркалап, дайыма өзүнүн калыс сөзү менен дин кызматкерлерине үлгү болуп, исламиятка үлкөн кызмат кылган Таалай ажы Бапиевдин кайтыш болгонун угуп кайгырып турабыз. Алла Таалам маркумду Өз ырайымына алып, Бейиш бакчаларынан орун берсин. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко, кабыры нурлуу болсун».

“Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35).

“Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Өзүмдүн жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын эмгек жамаатынын атынан маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, санаалаштарына жана шакирттерине көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөмүн».