Нарын: “Юсуф Сыдык” медресеси студенттерге эшигин ачты

1-сентябрь – Билим күнүнө карата Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин буйругуна ылайык, Нарын шаарындагы “Юсуф Сыдык” атындагы медресе 2024-2025-окуу жылына карата студенттер үчүн эшигин ачты.

Ачылышка казынын орун басары Кумарбек Орозалиев жана медресе мүдүрү баштаган мугалимдер жамааты катышты. Алгач Кумарбек Орозалиев медресенин окуууга болгон даярдыктары менен кеңири таанышып чыгып, жалпы студенттерге «Окусаң илим үйрөнүп, орундуу жазган кат жакшы» аталышында окууга болгон шыктандыруу лециясын окуду.

“Урматтуу студенттер! Баарыңарды билим күнүңөр менен чын жүрөктөн куттуктайм. Силер көптүн ичинен тандалып алындыңар. Силерге ата-энеңер ишеним артып жөнөттү. Балам окусун, билсин, билим алсын деп. Билесиңерби билим кандай адамга жугат? Билим устазын сыйлаган адамга жана айтканды угуп так аткарган адамга жугат. Андыктан устаздардын ар бир айтканын так аткарып, зор үмүт артып жиберген ата-энеңердин ишенимин актайсыңар деп ойлойм”, – деди Кумарбек Орозалиев.

Ушундай эле жыйын “Юсуф Сыдык” медресесинин кыздар бөлүмүндө да уюштурулду.

Маалымат үчүн айта кетсек, быйыл “Юсуф Сыдык” атындагы балдар медресесине жалпы 70 ке жакын абитуриент тапшырып, 40 студент кабыл алынды. Аталган ДОЖдо 2024-2025-окуу жылына карата 1-2-курста 80 бала окушууда. Ушул эле медресенин кыздар бөлүмүндө 1-курста 36, 2-курста 24 кыз билим алышууда.