Ысык-Көл районунда селден жабыркаган жарандарга акчалай жардам берилди

Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат ажы Сейталиевдин демилгеси менен Садыр аке айыл аймагынын Темир, Булан-Сөгөттү жана Корумду айылдарында селден жабыркаган үй-бүлөлөргө акчалай жардам берилди. Демилгени Ысык-Көл районунун имамдары  колдоого алып, ар бири материалдык жардам чогултушкан. Жалпы 408000 сом өлчөмүндө жыйналып, селден ар кандай жабыр тарткан жарандарга таратылды.

«Кылып жаткан иштерибиз табийгат кырсыгынан турак жайлары жабыркаган бир туугандарга аз болсо да жардам болсун деп уюштуруп жатабыз. Үйлөрүнүн абалына жараша ар кандай суммада таркатып жатабыз. Учурдан пайдаланып демилгени колдоп берген ар бир имамга, жамааттарына Жараткан Алла Таала ыраазы болуп, жакшылыктарын ыроолоп, жерибизде тынчтык болуп, табигаттын ар кандай кырсыгынан алыс кылуусун тилейм», – деди баш имам-хатиб. Баш имам-хатиб өткөн жумаларда аталган айылдарда эл менен жолугуп, сабырдуулукка чакырып, жеринен кабар алып кеткен болчу.

Белгилей кетсек, табийгат кырсыгы үстүбүздөгү жылдын 18-августунан 19 уна караган түнү катуу жааган жамгырдан улам болгон. Селдин кесепетинен Булан-Сөгөттү, Корумду жана Темир айылдарынан 100 дөн ашык турак үйлөр, пансионаттар жабыркаган.