Бишкекте кыз-келиндер аралык республикалык Куран жарышы өтүүдө

Бүгүн, 3-сентябрь күнү борбор калаадагы «Имам Сарахсий» башкы мечитинде кыз-келиндер аралык республикалык Куран жарышы өтүп жатат.  7 дубан, 2 шаар боюнча өткөрүлгөн аймактык этаптын 26 жеңүүчүсү ат салышууда.

Куран жаттаган кыз-келиндер 30 пара, 20 пара, 10 параны жатка айтуу жана кооз окуу боюнча күч сынашмакчы.

КМДБнын демилгеси, САПтын Ислам иштери жана үгүт-насаат министрлигинин көмөгү менен өтүп жаткан Куран конкурста Асылбек кары Таштемиров, Муса кары Атабаев, Абдыкалык кары Эшматов, Рахматулла кары Бектемиров жана Насрулло кары Искандаровдор калыстык кылышууда.

Айта кетсек, кыз-келиндер аралык Куран конкурсу эртең, 4-сентябрь күнү жыйынтыкталып, аталган мечитте сыйлоо аземи өткөрүлөт.