Абдил-Азиз Чыныбеков «Хазирети Осмон» ислам иститутун зыярат кылды

Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков Кара-Балта шаарындагы «Хазирети Осмон» ислам иститутун зыярат кылып, жаңы окуу жылынын салтанаттуу ачылышына күбө болду. Билим саамалыгына аталган ДОЖ мүдүрү, АК мүчөсү Калилидин ажы Исаков (Молдо Халил), Жайыл районунун баш имам-хатиби Нурдан ажы Омуралиев, институт окутуучулары жана студенттер катышты.

Облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков студенттерди билим майрамы менен куттуктап, кең келечек каалап жатып төмөнкүлөрдү айтты: Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) «Билимге сапар тарткан адамга Аллах бейишке баруу жолун жеңил кылып коёт» деген. Ата-энелер балдарын ишке жарап калганда илимге жибергени чоң жакшылык. Андыктан Муаз бин Жабал (р.а.) айтмакчы, «Илим алгыла! Илим алуу – Аллахтан коркуу. Илимди талап кылуу – ибадат, алган илимди кайталоо – тасбих, алган илимди таркатуу – курмандык, илимди билбегендерге үйрөтүү – садака».

Райондун имам-хатиби Нурдан ажы Омуралиев: «Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айткан: «Илим алуу үчүн жолго чыккан адамга периштелер канатын төшөйт». Илимдүү адам ар дайым урмат-сыйдын үстүндө болот. Албетте, бул жакшылыктардын бир чети гана», – деди.

«Хазирети Осмон» ислам иститутунун мүдүрү, түптөөчүсү, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Молдо Халил ажы жаңы окуу жылдын башталышына ийгилик каалап келген конокторго ыраазычылык билдирди. Ошол эле учурда Кыргызстанда диний илим-билимдин тарыхын айтып, азыркы доор ата-бабалардын дубасы, аракети, кыйынчылыктар менен келгенин эскертип кетти.

Чүй облусунда ар бир райондун имам-хатибдери өз аймактарында жайгашкан диний окуу жайларга барып, салтанаттуу ачылышка катышты.

Айта кетсек, жогорку иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун №301 буйругун аткарууга алуу алкагында өткөрүлдү.